www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владимир Путин өлкө мусулмандарынын Орусиянын биримдигине жана бардык кыйынчылык жана коркунучтардын жоюлушуна чоң салым кошкондорун айтып, аларга ыраазычылык билдирди.
Кремлден берилген маалыматка караганда, Путин Орусия мусулмандарынын борбордук дин көзөмөлдөөсүнүн башчысы Талгат Тажеддинди кабыл алды.
Мусулмандардын Орусиянын жана орус коомунун органикалык жана табигый бир бөлүгү экенине көңүл бурган Путин, мусулман өкүлдөрүнө жана Исламды кабыл алган ар бир адамга ыраазы экенин айтты.
Путин мусулмандардын жана башка диндердин өкүлдөрү Орусиядагы элдердин конфессиялар аралык биримдигине жана ынтымагына салым кошуп жатканын баса белгиледи.
Бир караганда Орусиянын абдан комплекстүү өлкө сыяктуу көрүнгөнү менен чындыгында коомдогу көп түрдүүлүктүн негизинде күчтөнөрүн белгилеген Путин, өзгөчө белгилүү бир кыйынчылыктарга туш болгондо:
"Мусулмандардын өкүлдөрү бул маселеге ар дайым абдан олуттуу салым кошушкан жана кошуп жатышат. Биздин биримдигибизге жана жалпы күчүбүзгө бул салымдар бардык кыйынчылыктарды жана коркунучтарды эффективдүү түрдө жок кылып, Орусиянын алдыга жылышына шарт түзөт. Андыктан сиздерге чоң рахмат",-деп айтты.