www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияга Украинанын аймагына өзөктүк сокку уруунун кереги жок. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин «Валдай» дебаттык клубунун пленардык жыйынында билдирди.

«Биз муну кылышыбыз керек эмес. Бизде бул үчүн эч кандай саясий же аскердик максат жок», - деди мамлекет башчысы.

Путиндин айтымында, орус бийлиги бул курал кайда жасалып жатканын «дээрлик билет». Президент кошумчалагандай, Украинада «кир бомбаны» чыгаруу технологиясы бар.

Путин АКШнын өзөктүк куралы жок өлкөгө каршы ядролук курал колдонгон жалгыз өлкө экенин эске салды. Анын айтымында, бул жерде аскердик логика болгон эмес. Орус лидери Орусия Федерациясынын өзөктүк доктринасы менен таанышып чыгууну, кайсыл учурда өлкө мындай куралды колдоно аларын түшүнүүгө кеңеш берди.

Үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук жана чалгындоо кызматтарынын кеңешинин жыйынында Путин Украинанын аймагы аскердик биологиялык эксперименттердин полигонуна айланганын билдирген.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрында Путин орус элине кайрылуусунда өзөктүк курал колдонсо да өлкө жарандарын коргой турганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости