www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү ийгиликсиз аяктагандан кийин, Путин Тегеранга телефон чалып кырдаалды талкуулаганы маалым болду.
Тез өзгөрүп жаткан эл аралык кырдаалда Путиндин Иран президенти Масуд Пезешкиан менен болгон сүйлөшүүсү Жакынкы Чыгышты дүрбөлөңгө салды. АКШ жана Израиль Иранга катуу басым жасап жаткан шартта Путиндин Тегеранды колдоого алышы, Россия гегомониялык саясатка жол бербей турганын айгинеледи.
Арийне, Вашингтон үчүн Россия менен Ирандын жакындашуусу жаңылык эмес. Стратегиялык жактан алып караганда, Путиндин Иранды ачык колдоосу АКШнын региондогу таасиринин күчөшүнө каршы чара болуп эсептелет. Кансыз согуш мезгилинен бери АКШ менен Россиянын атаандаштыгы токтогон эмес.
Азыр Кытайдын таасиринин өсүшү жана эл аралык кырдаалдын өзгөрүшү шартында Москва менен Вашингтондун мамилелери олуттуу өзгөрүү алдында турат. Бул процессте Жакынкы Чыгыш маанилүү роль ойнойт. Ал дүйнөлүк энергетиканын борбору гана эмес, ири державалардын тирешинин алдыңкы чеби да болуп саналат.