www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москва менен Минск Беларустун аймагына тактикалык өзөктүк куралды жайгаштырууну макулдашты. Бул тууалуу Владимир Путин «Россия 24» телеканалына берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
"3-апрелден тарта биз экипаждарды машыктыра баштайбыз. Ал эми 1-июлда Беларустун аймагында тактикалык өзөктүк куралдарды сактоочу атайын жайдын курулушун бүтүрөбүз", - деди орус президенти.
Анын айтымында, мындай кадамга Улуу Британиянын Украинага азайып калган ураны бар ок-дарыларды жеткирүү тууралуу билдирүүсү себеп болгон. Ошол эле маалда Путин белгилегендей, Беларус көптөн бери Орусиянын өзөктүк куралын өз аймагында жайгаштырууну суранып келген. Ал кошумчалагандай, Москва Кошмо Штаттары ондогон жылдар алектенип келген нерсени жасап жатат.
Булак: NazarNews.kg