www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия президенти Владимир Путин Кремлде Улуттар аралык мамилелер боюнча президенттик кеңештин жыйынын өткөрүп, 2026-жылга «Россия элдеринин биримдиги жылы» деген макам берүү демилгесин колдоду.

«Жакшы сунуш. Ошентип эле жасайлы. Татьяна Алексеевнадан (вице-премьер Татьяна Голиковадан — ред.) тиешелүү чечимдердин долбоорлорун даярдоону өтүнөм», — деди Путин.

Мамлекет башчысы белгилегендей, атайын аскердик операцияга катышкан жоокерлер жана офицерлер өздөрүнүн биримдиги менен элдин тутастыгын көрсөтүп жатышат.

«Бүгүн биздин баатырлар — жоокерлер жана офицерлер — аскердик операция учурунда чыныгы эл аралык биримдиктин, туугандык духтун жаркын үлгүсүн көрсөтүп жатышат. Алар Россия үчүн адилеттүү күрөшкө бирге чыгып жатышат», — деди ал.

Путин ошондой эле өлкө ичинде улуттар аралык чыңалууну козутууга болгон ар кандай аракеттерди токтотууга чакырды.

«Мындай провокаторлор, эреже катары, чет өлкөдө отурушат, ал жактан багылып, каржыланып, чет элдик атайын кызматтар тарабынан жөнөтүлөт», — деди президент.

Анын айтымында, Батыштын атайын кызматтары Россияны ичинен туруксуздаштырууну максат кылып, өлкөгө каршы маалыматтык согуш жүргүзүү үчүн жаңы уюмдарды түзүүдө.

«Булардын максаты — Россия Федерациясын бөлүп-жарып, бизге “стратегиялык жеңилүү” алып келүү. Он жылдар эмес, кылымдар бою муну ишке ашыра албай келишсе да, бул аракеттер дагы деле уланууда», — деди Путин.

Президент белгилегендей, улуттук саясаттын жаңыланган стратегиясы учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга так жооп бериши керек.

«Мамлекеттик түзүлүштүн негиздеринин туруксуздугуна жол берүүгө болбойт. Ал эми XVII кылымдагы Смутное время окуялары — бул баарыбыз үчүн түбөлүк сабак: талаш-тартышты өлкөнү бүлүндүргөн ажырымга жеткирүүгө болбойт», — деп жыйынтыктады ал.

Последние новости