www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армия менен флоттун жогорку деңгээлдеги даярдыгы Россия коопсуздугунун жана анын эркин өнүгүүсүнүн кепилдиги болуп саналат. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Ата Мекенди коргоо күнүнө карата куттуктоосунда айтты. Кайрылуунун тексти Кремлдин сайтына жарыяланган.

Путин бүгүнкү күн Россиядагы олуттуу майрамдардын бири экенин белгилеп, Куралдуу күчтөр өлкөнүн коопсуздугун камсыздап жатканын айтты.

"Бүгүнкү күндө ааламда кооптуу чакырыктар арбын, мындан улам флотубуз менен армиябыздын ири потенциалы, жогорку деңгээлдеги даярдыгы Россия коопсуздугунун жана анын эркин өнүгүүсүнүн кепилдиги болуп саналат", — деди Путин.

РФ лидеринин айтымында, Ата Журтка берилгендик, аны коргоо милдети Россиянын алмаштыргыс баалуулугу бойдон кала берет. Путин Украинада жүрүп жаткан атайын операциянын катышуучуларын элдик баатырлар деп атады.

"Тажрыйбабызды эске алуу менен Куралдуу күчтөрүбүздү мындан ары да күчтөй беребиз, модернизациялоо уланат. Бүгүнкү күндө стратегиялык өнөктүк күчтөрдөгү заманбап курал-жарак менен техниканын үлүшү 95 пайызды, деңизде 100 пайызды түзүүдө", — деди өлкө башчы.

РФ лидери коргоо өнөр жай комплексинин ишканалары акыркы жылдары өндүрүштүн көлөмүн жогорулатып, армияга суроо-талап жогору болгон курал-жарак жеткирип жатканын, кезекте аскер жаатына жасалма интеллект боюнча технологияларды киргизүү максаты турганын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости