www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин: Россияда дүйнө жаштарынын шаарын түзө алдык

Россиянын Сириус федералдык аймагында дүйнө жаштарынын шаарын түзүүгө жетиштик. Бул тууралуу Владимир Путин Жаштардын дүйнөлүк фестивалынын жабылуу салтанатында сүйлөп жатып билдирди.

Эскерте кетсек, масштабдуу иш-чара аталган аймакта 1-мартта башталган.

"Сиздердин келишиңиздер менен дүйнө жаштарынын шаарын түзө алдык. Бири-бирибизге окшобогонубуз менен баарыбызды адамдыгыбыз бириктирип турат, биз баарыбыз теңбиз. Демек, дүйнөдө өйдөсүнүүгө, теңсинбөөгө орун жок. Бирок өнүгүү шартыбыз бирдейби? Тилекке каршы, жок. Бул бүгүнкү күндүн эң башкы акыйкатсыздыгы", — деди Путин.

Өлкө башчы адамдардын баары бирдей шартта өнүгүүсүнө, жакындарына, жалпы адамзатка жардам берүүсүнө умтулуу керектигин белгилеген.

"Дал ушундай күйүмдүүлүк дүйнөнү турукташтырып, коопсуз кылып, тең салмакта кармап турат", — деди Путин.

Эскерте кетсек, аталган иш-чарага Кыргызстандан 231 киши барды.

Последние новости