www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус президенти Владимир Путин өлкөнүн НАТО менен согушуп кетүү коркунучун “нонсенс” деп атады. Бул тууралуу ал Тверь облусуна болгон иш сапарында билдирди.

Путиндин айтымында, 2022-жылы АКШнын аскерий чыгымдары 811 миллиард долларды, ал эми Россияныкы 72 миллиард долларды түзөт.

"Мындай катышты эске алып НАТО менен согушабызбы? Бул жөн эле куру сөз. Алар Украинадан кийин Европага чабуул коюуну айтып жатышат. Бул таптакыр болбогон нерсе, элден акча талап кылуу үчүн эле коркутуу", - деди орус лидери.

Путин Украинага согушка катышуу үчүн дайындалган америкалык F-16 согуштук учактары үчүнчү өлкөлөрдүн аэродромдорунан учуп кетсе, бул аэродромдор орус армиясынын мыйзамдуу бутасына айланаарын айтты.

Ошол эле учурда Путин F-16 учактарынын бортунда өзөктүк курал ташый ала турганын эске салды.

"Биз муну эске алышыбыз керек" дейт ал.

Маалымат үчүн айта кетсек, Орусия тараптан Түндүк Атлантикалык альянстын өлкөлөрүнө карата коркунучтар тууралуу билдирүүлөр Батышта бир нече жолу угулган. Тактап айтканда, бул тууралуу АКШнын президенти Жо Байден 2023-жылдын декабрь айында билдирүү жасаган.

Кошумчалай кетсек, 2024-жылдын январында НАТОнун аскерий комитетинин башчысы адмирал Роб Бауэр Түндүк Атлантикалык альянстын өлкөлөрү Орусия менен масштабдуу согушка даяр болушу керек деп билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости