www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 20-октябрда Туризм боюнча федералдык агенттикти (Ростуризм) жоюу тууралуу жарлыкка кол койду. Бөлүм жоюлуп, анын функциялары Орусия Федерациясынын Экономикалык өнүгүү министрлигине өткөрүлүп берилет. Тиешелүү жарлыктын тексти укуктук актылардын расмий порталына жарыяланды.
Жарлыкта белгиленгендей, мындай өзгөртүүлөр «туризм жана туризм ишмердүүлүгү чөйрөсүндө мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү, туризм тармагын өнүктүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана федералдык аткаруу бийлик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу максатында» киргизилип жатат.
Экономикалык өнүгүү министрлиги 2018-жылдын күзүнөн тарта Туризм боюнча федералдык агенттиктин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп келген, буга чейин аталган бөлүм Маданият министрлигинин карамагында болчу. Көп өтпөй ал кезде премьер-министрлик кызматты аркалап турган Дмитрий Медведев Олег Сафоновдун ордуна Зарина Догузованы «Ростуризмдин» жетекчилигине дайындап, Экономикалык өнүгүү министрлигине «Ростуризмдин» функцияларын активдүү көзөмөлдөөнү тапшырган. Тармакты көзөмөлдөгөн Экономикалык өнүгүү министрлигинин башчысынын орун басары Сергей Галкин болгон жана быйыл жазында Росстаттын башчысы кызматына өткөн.
Булак: NazarNews.kg