www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин шайлоодо 87% добуш менен утуп чыкты

Владимир Путин Орусиянын президенттигине шайлоодо добуштардын 87% ээ болуп, жеңип чыкканы кабарланды. Баштапкы маалыматтарга караганда, добуштардын 98% саналып бүттү. Бул Путиндин 2030-жылга чейин созулуучу 5-жолку президенттик мөөнөтү.

Шайлоо бюллетендеринде төрт талапкердин аты жазылган. КПРФ партиясынан Николай Харитонов 4,3% добуш алды. Владислав Даванков – 3,8%, Леонид Слуцкий – 3,2% алды.
1,4% бюллетендер жараксыз деп табылган.

Согушка каршы чыккан талапкерлер - журналист Екатерина Дунцованы, Долгопруд аймагынын муниципалдык депутаты Бориса Надеждинди Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катыштырган жок. Дунцовага кол топтоого уруксат берилген жок. Надеждин 200 миңден ашуун кол чогулткан, бирок БШК алардын ичинен "ката" толтурулгандар бар деп, каттоодон баш тарткан. Надеждин БШКны сотко берген, бирок майнап чыккан эмес.

Путин жетишкен добуштар ал президенттикке ат салышып келе жаткан 2000-жылдан берки бешинчи ирет эң көп добуш болду. Алты жыл мурунку шайлоодо Путинге добуш бергендер 76,7% болгон.

2020-жылы Владимир Путин өлкөнүн Баш мыйзамына оңдоо киргизген, бул өзүнүн президенттик такта дагы эки мөөнөт калуусуна шарт түзгөн.

2022-жылы февралда Путин Украинага кол салууну буйруган.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, шайлоочулардын 74,2% добуш берди. Ондогон аймактарда добуш берүүнүн көрсөткүчү бир өңчөй чыкты. Бул өзгөчө Дагестанда, Кемеров, Белгород, Иванов облустарында, Ханты-Мансы, Ямал-Ненец автоном облустарында байкалганын Свобода.ру сайты жазды.

Шайлоо Украинанын оккупацияланган аймактарында да, анын ичинде аннексияланган Крым менен Севастаполдо да өттү. Жергиликтүү шайлоочулар добуш берүүгө мажбурлап катыштыруу болгонун айтып беришкен.

Батыш өлкөлөрү Орусия президентин шайлоо оккупацияланган аймактарда өткөнүн сынга алышты жана шайлоонун жыйынтыгын тааныбасын билдиришти.

Шайлоочулардын укугун коргоочу "Голос" кыймылы добуш берүү жана аларды саноо учурунда түрдүү мыйзам бузуулар болгонун маалымдады. Ага ылайык, шайлоочуларды "айлампа" добуш бердирүү, бюллетендерди үкөккө массалык түрдө таштоо орун алган. Президенттик шайлоо өнөктүгүн аталган кыймыл азыркы Орусиянын тарыхындагы "эң кызыксыз" деп атаган. "Талапкерлер а түгүл шайлоого катышуу ниетин жана добуштардын арбынын алуу максатын көрсөтүүгө аракет да кылышкан жок", деп жазылган кыймылдын баяндамасында.

Орусиянын президентин шайлоо өткөң үч күндө бир нече жолу бюллетендерди жараксыз кылуу аракети катталды. 7-мартта болуп өттү. Ар кайсы аймактарда шайлоочулар үкөктөрдү өрттөөгө жана боек куюп жиберип, жараксыз кылууга аракеттеништи. Жалпы 60тан ашуун кылмыш иши козголуп, 150дөн ашык административдик протоколдор түзүлдү. Кылмыш иштердин басымдуу бөлүгү "терракт тууралуу жалган маалымат таратуу" беренеси менен козголгонун Орусиянын Ички иштер министрлиги кабарлады.

Орусиядагы саясий камоолорго байкоо салган «ОВД-Инфо» тобу жекшембиде, президенттик шайлоонун акыркы күнүндө 14 шаарда 65тен ашык киши кармалганын билдирди.

“Настоящее время” телеканалынын маалыматына караганда, Казан шаарында 20 киши кармалып, кийин кое берилди. Уфанын тургуну добушканада оппозициялык саясатчы, маркум Навальныйдын сүрөтүн үкөккө салууга аракеттенгенде, Москвада Навальныйдын сүрөтү тартылган футболка кийип барган киши кармалганы кабарланды. Санкт-Петербург шаарында бир аял шайлоо участогунун кире беришине Молотов коктейлин таштаганы, дагы бир нече киши бюллетендерге зеленка чачканы тууралуу маалыматтар тарады.

Орус оппозициясы жекшембиде «Путинге каршы чак түш» деген акцияны өткөрүүгө, шайлоо участокторуна жапырт келүүгө үндөгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости