www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көп улуттуу, көп конфессиялуу өлкөнүн эли өзүн бир үй-бүлөдөй сезет. Бул тууралуу Владимир Путин шайлоо аяктагандан кийин штабына келип, үзөңгүлөштөрү менен жолугуп жатканда айтты.

Эскерте кетсек, 15-17-март күнү Россияда президенттик шайлоо өтүп, анда төрт талапкер ат салышкан. Учурда бюллетендердин 70 пайыздан ашыгы саналып, добуштардын басымдуу бөлүгүнө ээ болгон Путин алдыда баратат.

Өлкө башчы тарапташтарына жасалган жумуш үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекеттин эртеңи үчүн маанилүү кадам шилтенгенин белгиледи.

"Баарыбыздын башыбыздын бириктирген, тандообуздун тууралыгын далилдеген, бет алган багытыбыздын оң экенин ырастаган чоң жумуш аткарылды. Россиянын мындан да өнүккөн, күчтүү мамлекет болушу үчүн бир муштумга бириктик. Жакында эле Федералдык кеңешке жасаган кайрылуумда айтылган милдеттерди иш жүзүнө ашырууга мүмкүнчүлүк алдык", — деди Путин.

РФ лидери өз сөзүндө учурда атайын операцияга катышып жаткан мекендештерине да токтолуп, алдыда көп олуттуу, маанилүү иштер күтүп турганын белгиледи.

"Шайлоонун жыйынтыгы — бул эл тарабынан берилген ишеним. Алар бизден баарын пландагыдай аткарууга үмүт кылышат. Колдоп, ишеним көрсөткөнүңүздөр үчүн ыраазычылык билдирем", — деди Путин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости