www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин Кытайда жүргүнчү учагынын кыйрашынан улам адамдардын каза болгонуна байланыштуу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтты. Бул тууралуу Кремлдин расмий сайты маалымдайт.

"Урматтуу төрага мырза, Куньминден Гуанчжоуга учуп бараткан учактын жүргүнчүлөрү менен экипаж мүчөлөрүнүн каза болгондугуна байланыштуу чын жүрөктөн көңүл айтуумду кабыл алыңыз", — деп айтылат телеграммада.

Путин Орусия бул трагедияда жакындарын жоготкондордун кайгысын тең бөлүшөрүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн Кытайдын түштүгүндө Boeing-737 жүргүнчү учагы кырсыкка кабылган. China Eastern авиакомпаниясынын Boeing-737 учагынын ичинде 133 адам болгон. Алардын тогузу экипаж мүчөлөрү экени айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости