www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Соода агымдары менен глобалдуу экономикалык активдүүлүк эми Батыштан башка кызыктуураак, жаңы өсүп келе жаткан аймактарга бурула баштады. Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путин транспорт комплексинин өзүнчө багыттарын өнүктүрүү боюнча кеңешмеде билдирди.
Орусия лидери транспорттук инфраструктураны өнүктүргөндө инерциялык сценарийден баш тартып, учурдагы муктаждыктарды карап иш алып баруу мезгил талабы экендигин айткан.
"Дүйнөлүк рыноктогу конъюнктура улам өзгөрүп жатат, соода багыттары жана болгон бардык глобалдуу экономикалык активдүүлүк Батыштан башка ары кызыктуу жана жаңыдан өнүгүп келе жаткан аймактарга бурулуп жатат. Негизгиси, бул кадам биринчи жылы болуп жаткан жок, биз мурдатан эле байкап келебиз. Бирок келечегин көрө билип, маршрутун салып, транспорттук долбоорлорду азыртадан даярдап алган абдан маанилүү", — деп Путиндин айтканын Кремлдин сайты жазды.
Орусия президенти баштапкы долбоорлоо учурунда эле инфраструктураны жаңылоо жана кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн кароону баса белгиледи. Муну ал кийин долбоорду дагы кеңейтип, кубаттуулукту арттыруу, россиялык өндүрүшчүлөр, экспортчулар жана импортчулар үчүн жеткирүү боюнча жаңы каналды ачканда өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн түйшүк тартып, кыйналбай өзгөртүүгө болору менен түшүндүрдү.
Булак: NazarNews.kg