www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасы Кытай менен Индияда чыгышы мүмкүн. Бул туурасында Россия лидери Владимир Путин айткандыгын РИА Новости жазды.

Кечээ, 17-ноябрда, БРИКС (Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка) саммити видеоконференция форматында өттү. Быйыл бул уюмга Россия төрагалык кылууда, келерки жылы ал Индияга өтөт.

"Россиянын түз инвестициялар фонду индиялык, бразилиялык өнөктөштөр менен "Спутник V" вакцинасын клиникалык жактан сыноо боюнча келишим түздү. Ал эми Кытай, Индия фармацевтика компаниялары менен алардын аймагында биздин вакциналарды чыгарган борбор ачуу боюнча макулдашты. Препарат өздөрүнүн гана калкы үчүн эмес, үчүнчү өлкөлөргө да чыкмакчы", - деди Путин.

Россия лидери бул өтө маанилүү экендигин баса белгиледи.

"Россиялык вакциналар бар, алар иштейт, алар майнаптуу, коопсуз. Кеп азыр аларды жапырт өндүрүүдө болуп турат. Бул жерде аталган продукцияны кеңири айлантууга салууда массалык түрдө чыгаруу үчүн күчтөрү бириктирүү өтө маанилүү", - деди Путин.

Россия президенти жакын арада коронавируска каршы россиялык үчүнчү вакцина даяр болорун белгилеген.

"Аларды чыгарууда жана колдонууда БРИКС боюнча өнөктөштөр менен иш алып барууга биз даярбыз", - деген Россия лидери.

БРИКСке мүчө-өлкөлөрдүн жетекчилери коронавирустан башка глобалдуу жана аймактык коопсуздук маселелерин талкуулаган.

Иш-чаранын катышуучулары саммиттин жыйынтыгы менен үч документ кабыл алышты. Алар: Москва декларациясы (дүйнөдөгү жалпы кырдаалга берген бааны чагылдырат), террорчулукка каршы стратегия жана 2025-жылга чейинки экономикалык өнөктөштүктүн жаңыланган стратегиясы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости