www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин СССРдин кулашын трагедия деп атады

Президент Владимир Путин Советтер Союзунун кыйрашы көпчүлүк жарандардай эле ал үчүн да трагедия болгонун айтты. Бул тууралуу анын "Россия 24" телеканалында айткандарына шилтеме берип РИА Новости жазды.

"СССРдин ыдырашы деген эмне? Бул Советтер Союзу деген тарыхый Орусиянын кулашы", - дейт ал "Россия 1" телеканалындагы "Орусия. Соңку тарых" тасмасына берген маегинде.

1990-жылы бардык союздук республикалар өздөрүнүн закондорунун союздук закондордон артыкчылыгын белгилөө менен мамлекеттик суверенитет жөнүндө декларацияларды кабыл алган.

СССРдин кулашын токтотуу үчүн 1991-жылдын 17-мартында Советтик Социалисттик Республикалар Союзун сактап калуу боюнча референдум өткөн. Добуш берүүгө катышкандардын 76,4 пайызы Союзду сактап калууну жакташкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости