www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин: Тайван аралында АКШ чагым кылып жатат

Орусиянын президенти Владимир Путин Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин Украинадагы жаңжалга байланыштуу тең салмактуу позициясын жогору баалады. Бул тууралуу ал 15-сентябрда Өзбекстанда жолугушууда айтканын “Азаттыктын” орус кызматы жазды.

Владимир Путин Кремль “Бир Кытай” саясатын колдой турганын кайталап, Тайван аралында АКШ чагым кылып жатканын айтты.

Си Цзинпин коронавирус пандемиясы башталгандан берки Кытайдан тышкаркы биринчи сапарынын алкагында Владимир Путин менен Өзбекстандын Самарканд шаарында жолугушту. Алар Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитине катышуу үчүн келген.

Расмий Бээжин Украинадагы согушка байланыштуу АКШ менен НАТОну Орусияны чагым кылды деп айыптап, Москвага каршы киргизилген санкцияларды сынга алган.

Август айында АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайван аралына жасаган сапарынан кийин Бээжин менен Вашингтондун мамилеси курчуганда Кремль Кытайды колдогон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости