www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путин жаңы үч тараптуу долбоор тууралуу сөз кылып кылып жатып, Өзбекстан кошумча энергия булагына ээ болорун, Казакстан өлкөнүн түндүгү менен чыгышын газдаштыруу маселесин чечип, Россия өзүнүн ишенимдүү газ камсыздоочу статусун ырастай турганын билдирди.

"Бул долбоорду ишке ашыруу үч мамлекет үчүн ачык пайда алып келет. Өзбекстан энергия менен камсыздоонун кошумча булагын алуу менен бул үй чарбаларын жана социалдык маанилүү объектилерди жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздайт. Казакстан өзүнүн түндүк жана чыгыш райондорун газдаштыруу маселесин чече алат", - дейт Путин россиялык газдын Өзбекстанга Казакстандын аймагы аркылуу берилүүсүн баштоо аземинде.

Ал кошумчалагандай, "Газпром" газ менен камсыздоо боюнча тийиштүү каттамдарды жана параметрлерди иштеп чыгууда.

"Россия өзүнүн жаратылыш газынын ишенимдүү камсыздоочу статусун ырастайт", - деди орус президенти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости