www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу Владимир Владимирович!
Сизди туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктаймын! 

Сиздин жетекчилигиңиздин астында Россия тынчтыкты жана коопсуздукту, эл аралык укуктун негизги принциптерин коргоодо алдыңкы ролду ойногон Улуу держава катары кайра жаралды.

Сиздин тандап алган өмүр жолуңуз - Ата Мекенге жан аябас кызмат кылуунун жаркын жана ынанымдуу мисалы боло алды. Сиздеги Улут лидеринин чынчылдыгы, акылмандыгы, эң жогорку жоопкерчилиги, кайраттуулугу жана чечкиндүүлүгү көптөргө үлгү.

Баарыбыз билгендей, Россияда миллиондон ашык кыргызстандыктар мигрант болуп жүрүшөт. Ушунун өзү Россия өлкөбүздүн экономикасына, элибиздин жашоо-турмушуна түздөн-түз таасирин тийгизген эң негизги өнөктөш, боордош өлкө экенин айгинелеп турат. 

Кыргызстандын Улуттук банкынын статистикасына ылайык, Россияда иштеп жүрүшкөн эмгек мигранттары 2022-жылы эле 2 миллиард 780 миллион доллар которушкан. Бул тыштан которулган жалпы сумманын, тактап айтканда 2 миллиард 928 миллион доллардын 97% түзөт. Ошондо Россиядан жылына Кыргызстандын бюджетине барабар каражат келет. Ал эми 55,6 млн доллар (АКШдан 54,9 млн доллар) алыскы чет өлкөлөрдөн келген. Бул Россия менен салыштырганда мизир. Бул сандар Россиянын Кыргызстан үчүн орду эбегейсиз зор экенин, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн туруктуу кепилдигин туюнтат. 

Сизге узак өмүр, чың ден соолук, кайратуу эрк каалайм. Россиянын көп полярдуу дүйнөдөгү бийик бедели төмөндөбөсүн!

Келечекте сизди дүйнөнү багындырат деп толук ишенем!

Гүлжан Шерипбаева, Башкы редактор 

NazarNews.kg 

Последние новости