www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владимир Путин Орусия Федерациясы менен Казакстан союздаштык мамилелерин мындан ары да бекемдейт деген ишенимин билдирди. Бул тууралуу Орусиянын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Казакстандын президенти болуп кайра шайланышы менен куттуктоосунда билдирди. Кайрылуу тексти бүгүн, 21-ноябрда Кремлдин сайтында жарыяланды.
«Сиз мекендештериңизден ишенимдүү мандат алдыңыз, бул мамлекеттин өнүгүү багытын ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат», - деди Путин Токаевге кайрылып.
Орусия Федерациясынын Президенти өлкөлөр ортосундагы достук, жакшы коңшулаштык жана өз ара урматтоо салттарына негизделген стратегиялык өнөктөштүк жана союздук мамилелер абдан ийгиликтүү өнүгүп жатканын белгиледи.
«Биз аларды жакшыртуу боюнча биргелешип иш алып барабыз», - деп ишендирди орус лидери.
Эскерте кетсек, кечээ, 20-ноябрда Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматы боюнча, өлкөнүн азыркы президенти Касым-Жомарт Токаев шайлоочулардын 80 пайыздан ашуун добушуна ээ болуп, жеңишке жетти.
Казакстанда кезектеги президенттик шайлоо 2024-жылы өтүшү керек болчу. Бирок 1-сентябрда Токаев элге кайрылуусунда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөрүн билдирген. 17-сентябрда ал президенттин ыйгарым укуктарын жети жылдык мөөнөткө кайра шайланбай коюу менен чектеген конституциялык өзгөртүүгө кол койду. Буга чейин республиканын башчысы беш жылдык катары менен эки мөөнөткө шайлана алмак.
Булак: NazarNews.kg