www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тоолуу Карабактагы согуштун натыйжасында төрт миң адам каза болуп, дагы сегиз миң адам жаракат алган. Ошондой эле Путин, он миңдеген адам качкын болушту деп кошумчалады. Орус лидери Тоолуу Карабакта аткылоо жана куралдуу кагылышуулар толугу менен токтогонун да билдирди.

Путиндин айтымында, Тоолуу Карабактын жарандык калкы кошумча жардамга муктаж болот. Буга байланыштуу ал Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы Евгений Зиничевге кайрылды.

Эске салсак, 9-ноябрда Армения, Азербайжан жана Россия согуш аракеттерин токтотуу боюнча билдирүүгө кол коюшкан.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости