www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркия азыр Европага газ жеткирүүнүн эң ишенимдүү жолу экенин далилдеди. Бул тууралуу 13-октябрда орус президенти Владимир Путин Астанада түрк кесиптеши Режеп Тайып Эрдоган менен болгон сүйлөшүүлөрүндө билдирди.
"Урматтуу президент, сиздин позицияңыздын аркасында Түркия бүгүнкү күндө Европага газ жеткирүүнүн эң ишенимдүү жолу болуп калды", - деди Россия Федерациясынын Президенти.
Орус лидери Түрк агымы газ куурун жардыруу аракетине карабастан иштеп жатканын баса белгиледи.
"Сиз уктуңуздар, алар да жардырууга аракет кылышкан... Бирок, Кудайга шүгүр, андай болгон жок, ал ийгиликтүү иштеп жатат", - деди орус лидери түрк кесиптешине кайрылып.
Орус газын Түркияга жеткирүү суроо-талаптарга ылайык толук аткарылууда.
Түркияда газ хабынын түзүлүшү мүмкүндүгү тууралуу сөз кылган Путин, маселени саясатташтырбоо менен ал жерде газдын баасын аныктоо мүмкүн экенин баса белгиледи.
"Биз бирге түзө турган бул хабтын иштөө учурунда, албетте, ал жеткирүү үчүн гана эмес, бааларды аныктоо үчүн аянтча болмок, анткени бул абдан маанилүү маселе - баа маселеси", - деп кошумчалады ал.
Путин азыр газдын баасы “асмандан бийик”, бирок Орусия менен Түркия аны нормалдуу деңгээлде жөнгө сала ала турганына көңүл бурду.
Булак: NazarNews.kg