www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин Түркияга февралда бара турганы айтылды

ТАСС агенттиги Орусиянын президенти Владимир Путиндин Түркияга сапары быйыл февраль айына пландалып жатканын кабарлады. Бул тууралуу журналисттерге орус лидеринин жардамчысы Юрий Ушаков 29-январда билдирди.

"Ооба, сапар даярдалып жатат", - деди ал.

Ошондой эле Москва Киев менен сүйлөшүүгө башынан даяр экенин жана аны орус тарап үзгүлтүккө учуратпаганын айтты.

"Биз азыр даярбыз, бирок сүйлөшө турган эч ким жок", - деп кошумчалады Ушаков.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Орусиянын президенти Владимир Путин акыркы жолу көзмө-көз былтыр 4-сентябрда Сочиде жолугушкан. Түрк маалымат каражаттары жазгандай, анда украин данын экспорттоого жол берген келишим тууралуу сөз болгон. Орусия ал келишимден 2022-жылы октябрда чыгып кеткен. Бул маселеде эки тарапка Түркия арачы болуп жүрөт.

Анкара Орусиянын украин жергесине басып киргенин сөз жүзүндө айыптап, бирок Орусияга каршы санкцияларга кошулган жок.

Түркия Украина жана Орусия менен Кара деңиз аркылуу чектешет. Анкара Орусиянын Украинага согуш ачканын сындаганы менен, өзүн жаатташкан эки тарапка ортомчулук кылууга аракет кылган бейтарап позицияда экенин көрсөтүп келет.

Украинадагы согуш башталгандан бери Путин Борбор Азия өлкөлөрүнө, Беларуска, Кытайга, Арменияга, Иранга жана Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапар менен барган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости