www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Россия менен бейформал байланыш түзүү үчүн Ангела Меркелди колдонсо болот. Мындай пикирин Вермонттогу билим берүү боюнча эл аралык мектептин профессору Брюс Дэйтон айтканын РИА Новости жазды.

"Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркель Путин менен болгон сүйлөшүүлөргө катыша турган негизги талапкер болуп эсептелет. Ал президент менен жакшы сүйлөшөт, тажрыйбасы бар жана азыркы өкмөткө (Германия — ред.) түз тиешеси болбогондуктан эркин эле пикир алышат", — деген окумуштуу.

Профессордун пикиринде, Батыш Украинадагы тынчтык үчүн Россия менен бейформал сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө басым жасашы керек. Дэйтон бул жааттагы сүйлөшүүлөрдөгү пикирлердин дал келишин табууда жеке тараптардын ортосундагы байланыш жакшы жардам берет деп эсептээрин айткан. Мындай ортомчулардын ролун мурдагы саясатчылар, улут аралык корпорациялар аткарышы мүмкүндүгүн кошумчалаган.

"Кээде чатакты жөнгө салуу үчүн ишенимдүү эжекелердин киришүүсү талап кылынат. Европада тынчтык орношу үчүн үчүнчү тараптын жардамы тие турган учур келди", — деген Дэйтон.

Россия сүйлөшүүлөргө даяр экендигин бир нече ирет билдирип, бирок Киев бийлиги ага мыйзам менен тыюу салган. Кремлден атайын операциядагы максатка жетүү Москва үчүн азыр приоритет болуп тургандыктан, тынчтык нугуна өтүүгө эч кандай өбөлгөнүн жоктугун билдиришкен. Президент Владимир Путиндин айтымында, Россия диалогдон эч качан баш тарткан эмес, бирок каршылаш тарап буга даяр экендигин түз айтышы керек.

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости