www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия президенти Владимир Путин Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушкандан кийин Кремлде сөз сүйлөп жатып, Украинаны НАТОго кабыл албоо керектигин, себеби Киев Крымды “аскердик жол менен” тартып алууну көздөп жатканын билдирди.

"Украинаны НАТОго кабыл алуу керек деп айтып жатышат. Украинанын доктриналдык документтеринде алар Крымды аскердик жол менен кайтарып алууну каалап жатышканы жазылган. Украина НАТОнун мүчөсү деп элестетип көрөлү – Крымда операция башталат (Донбасс жөнүндө айтпай эле коеюн). Бул Орусиянын суверендүү аймагы. Биз эмне НАТОнун блогу менен күрөшөбүзбү? Кимдир бирөө ойлонуп көрдүбү? Сыягы, ойлонгон эмес", — деди Путин.

Путин АКШ Орусиянын коопсуздук кепилдиги боюнча тынчсыздануусун көңүл сыртында калтырганын айтты. Анын пикиринде, Батыштын жообунда Орусиянын үч негизги талабы – НАТОну кеңейтүүгө жол бербөө, орус чек араларына жакын жерде сокку ура турган куралдуу системаларды жайгаштыруудан баш тартуу жана блоктун Европадагы аскердик инфраструктурасын 1997-жылдагы абалга келтирүү – адекваттуу түрдө эсепке алынган эмес.

Буга чейин АКШ Кремлге НАТО боюнча жооп кайтарган. Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Блинкен: "Документ Путинде, биз анын реакциясын күтүп жатабыз. Маселе Путин кандай багытты тандап аларында: жамааттык коопсуздукка карай конструктивдүү жолбу же Украинага каршы жаңы агрессиябы? Биз экөөнө тең даярбыз", - деген.

Путин Батыш Орусияга альянстын инфраструктурасын бир дюмга да илгерилетпөө жөнүндө убада бергенин белгиледи.

"Айткандары менен кылгандары дал келбейт. Эми НАТО Польшада, Румынияда жана Прибалтика өлкөлөрүндө. Эл ичинде айтылгандай – алдап кетишти. Андан соң АКШ Ракетага каршы коргонуу келишимине чыкты. Эми ракета учура турган орнотмолор Румынияда жана жакында Польшада болот. Ал жакта болсо “Тамагав” – сокку ура турган ракеталарды орнотсо болот. Бул эмне биз үчүн коркунуч эмеспи? — деп белгиледи Путин.

Орусия Украинага жакын аймакка жүз миңдей аскерин топтоп, былтыр күздөн бери машыгууларды өткөрүп келет. Батыш менен Киев Москва Украинага кол салышы мүмкүн деп кооптонуп жатышат. Кремл андай ниети жок экенин билдирүүдө.

Москва аскерлерин чыгаруудан баш тартып, АКШ менен НАТОдон "Украина жана башка КМШ мамлекеттери түндүк аскердик альянска кирбейт" деген кепилдик талап кылып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости