www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин тарабынан сунушталган Орусия-Казакстан-Өзбекстан биримдиги газ альянсы болуп саналат, анын максаты орусиялык газды Казакстан менен Өзбекстандын аймактары аркылуу ташуу аракеттерин координациялоону көздөйт. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын президентинин басма сөз катчысы Руслан Желдибай билдирди.
Айта кетсек, кечээ, 28-ноябрда Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен Касым-Жомарт Токаевдин жолугушуусу болгон. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда Казакстандын президенти Путин Токаевге Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын ортосунда альянс түзүүнү сунуштаганын билдирди. Бул тууралуу айтып жатып, Казакстандын башчысы кандай альянс тууралуу айтып жатканын тактаган жок. Бул социалдык тармактарда көптөгөн нааразычылыктарды жана жамааттык талкууларды жаратты. Айрыкча тармактын өзбек сегментинде коомдук активисттер Орусия менен альянска каршы чыга башташты.
Казакстан Республикасынын президентинин басма сөз катчысы Руслан Желдибай Кремлде Казакстан менен Орусиянын президенттеринин сүйлөшүүлөрүндө Орусия, Казакстан жана Өзбекстандан турган «үч тараптуу газ биримдигин» түзүү тууралуу сөз болгонун билдирди. Орусиялык газды Казакстан менен Өзбекстандын аймактары аркылуу ташуу боюнча аракеттерди координациялоо максатында.
«Президенттер Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путин бул маселенин бардык кызыкдар тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен акылга сыярлык чечим табуу үчүн үч өлкөнүн эксперттеринин катышуусунда деталдуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл деп эсептешет», - дейт Желдибай.
Булак: NazarNews.kg