www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин жаңы кошулган 4 облуска аскердик абал киргизди

Орусия президенти Коопсуздук кеңешинин жыйынында Херсон жана Запорожье облустары менен ЛЭР жана ДЭРде аскердик абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койду. РФ лидери аталган аймактарда өлкө курамына киргенге чейин эле аскердик абал өкүм сүрүп келгенин белгиледи.

"Азыр аны Орусиянын мыйзамдарына дал келтирүү керек. Жарлык ушул максатты көздөйт", — деди Путин.

Анын айтымында, документ Федерация кеңешине (РФ парламентинин жогорку палатасы) бекитүү үчүн жөнөтүлөт, Мамлекеттик дума (РФ парламентинин төмөнкү палатасы) кабыл алынган чечим тууралуу кабардар болду.

Эскерте кетсек, Херсон жана Запорожье облустары менен ЛЭР жана ДЭРдин Россиянын курамына кириши боюнча референдумдар 23-27-сентябрь күндөрү өткөн. Тургундардын басымдуу бөлүгү кошулууга макул болгон. 30-сентябрь күнү Путин Кремлде сүйлөп, төрт облустун жетекчилери менен тиешелүү документке кол коюу аземи өткөн. Андан кийин аталган аймактардын РФке кошулушун ратификациялаган федералдык мыйзамдарга кол койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости