www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын кичинекей тургуну, жети жаштагы мектеп окуучусу Рустам Ташматов Россиянын президенти Владимир Путинге жаңы жылдын алдында кат жазды. Бул тууралуу “Россотрудничество” агенттигинин басма сөз кызматы билдирген маалыматка шилтеме берип жергиликтүү маалыматтар жазып чыкты.
Агенттиктин маалыматына ылайык, бала "Газпромдун" же "Роснефтьтин" акционери болууну кыялданат жана ал тула пряниктерин эч качан татып көргөн эместигин жазган.
«Рустам жашоого дымактуу көз караш менен карайт экен, бул эң сонун нерсе. Чоңоюп бойго жеткенден кийин, ал мунай-газ компанияларын багындырам деген оюнан кайтпай, мектепти аяктагандан кийин, жогорку билим алуу үчүн ылайыктуу университетти тандап алат деп үмүттөнөбүз. Бул аралыкта Кремлден Рустамга жаңы жылдык белек жөнөтүлдү. Россиянын Кыргызстандагы Илим жана маданият борборунда белектер жаңы жылдын алдында тапшырылат», - деп билдирди агенттик.
Экинчи класстын окуучусу Ташматов Рустам Бишкектеги №29 гимназияда окуйт. Ал мектептепте да алдыңкы окуучулардын катарын толуктайт. Ошондой эле, ал "Жакшы Адамдар" мектеп кыймылынын активисти катары белгилүү.
Булак: NazarNews.kg