www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Новосибирск шаарында медайым жаш бейтаптарга катаал мамиле жасагандыгы үчүн бир жылга түзөтүү жумуштарына кесилди. Бул тууралуу LIFE сайты жазды. 

“Сот медайымды Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренеси менен анын иштеген эмгек акысынын 10% ын кармап калуу менен бир жылдык мөөнөткө түзөтүү жумуштарына соттогон”, - деп айтылат билдирүүдө.

Медайымга карата тергөө үч кылмыш иши (экөө - орой мамиле фактысы боюнча, дагы бири - шалаакылык беренеси боюнча) менен козголгон.

Буга чейин, интернетке медайым кичинекей кыздын чачынан сүйрөп керебетке ыргыткан видео таркаган.

Окуя, кургак учукка каршы оорукананын медайымдарынын катышуусунда болгон. Анда ал кичинекей кыздын чачынан алып, төшөккө ыргытып, кордоп жатканын көрүүгө болот.

Тергөөнүн версиясы боюнча, окуя ушул жылдын 2-ноябрында болгон. 35 жаштагы медайым үч жашар кыздын белгиленген убактан эрте туруп алганы үчүн бетке чаап, сабаган. Бул окуя 4-ноябрда да уланган. Ал кыздын түштө уктабай палаталарды кыдырып жүргөнүн көрүп чачынан сүйрөп келип керебетке ыргыткан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости