www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Мамлекеттик департаменти «Акыйкат үчүн сыйлык» (RFJ) программасынын алкагында орусиялык ишкер Евгений Пригожинге таандык уюмдар Америкадагы президенттик шайлоого Орусия кантип кийлигишкени тууралуу маалымат үчүн 10 миллион доллар сыйлык жарыялады. Бул тууралуу 28-июлда мекеменин сайтында жарыяланды.

Мамлекеттик департамент маалымат каражаттарында «Путиндин ашпозчусу» деп аталып жүргөн орусиялык ишкер Евгений Пригожин жана ага таандык «Интернет изилдөө агенттиги» деп аталган ЖЧКнын ишмердүулүгү тууралуу маалымат табууну каалайт. Бул компанияны «тролльдор фабрикасы» деп сыпатташат.

Мамлекеттик департаменттин баяндамасында «Интернет изилдөө агенттиги» 2014-жылдан бери «жаңжал чыгаруу максатында» АКШдагы шайлоого кийлигишүү операцияларын жүргүзүп келген уюм катары сүрөттөлөт. Ал агенттикке Пригожин башкарган «Конкорд менеджмент жана консалтинг» менен «Конкорд катеринг» компаниялары демөөрчүлүк кылганы белгиленет.

Пригожинден тышкары, Мамлекеттик департаменттин тизмесинде «Интернет изилдөө агенттиги» менен байланышы бар деп эсептелген дагы бир нече адамдын тизмеси келтирилген: Михаил Иванович Бистров, Михаил Леонидович Бурчик, Александра Юрьевна Крылова, Анна Владиславовна Богачева, Сергей Павлович Полозов, Мария Анатольевна Полозова, Роберта Бовда Бовда, Жейхун Насими Оглу Асланов, Вадим Владимирович Подкопаев, Глеб Игоревич Васильченко, Ирина Викторовна Каверзина жана Владимир Венков. Алардын айрымдарына ФБР да издөө салган.

Кызыгы, АКШ акыркы учурда саясый маселелери  эл аралык деңгээлдеги шоуга айлантып алганы таң калтырат. Байдендин баш аламан саясатына Путин азырынча эч кандай эмоциясы жок мыйыгы менен жылмайып келүүдө.

Суннатилла Абдуллаев, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости