www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Сиз бийликке келген өткөн күндөрдү эскере кетели. 2010-жылдын 7-апрелинде биздин бийликтин жардамы менен Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары бийликке келдиңиз. Орусия Федерациясынын премьер-министри катары сизди колдодук. 2010-жылдын 10-октябрында сиздин партия КСДП парламенттик шайлоодо сиздин айтууңузча 50 пайыздан ашык добуш алып коалиция түзмөк. Бирок, андай болбоду “Ата-Мекен”, “Республика” партиялары менен биригип сизди өкмөт башына коюп добушка салганда өтпөй калды. Сиз оппозициялык партия “Ата-Журт” менен “Республиканы” кошуп экинчи ирет коалиция түзүп араң өттүңүз.

Сизге рахмат кыргыздын чокусуна менин атымды Путин деп койгонуңузга. Бирок өкмөт башчысы катары иштей албаганыңыздан “Ата-Журт” жана ал кездеги оппозициялык фракциялар “Ата-Мекен”, “Ар –Намыс” биригип, сизди өкмөт башчысынан аларда түнү менен депутаттарды кыдырып жалдырап жүрдүңүз. Сиз кучактап өпкүлөп, ал тургай: “Оң, сол жана ичкилик бирикти, Акматбек Келдибеков оңдун өкүлү, Бабанов солдун, мен ичкилик”-деп кайталап айтканыңыз шоона эшпей калды.

2011-жылдын аягында сиз, 2012-жылдын башында мен, экөөбүз алты жыл мөөнөт менен президент болдук. 2011-жылы президент болор менен Келдибековду спикерликтен алып, 2013-жылы “Кыргызгазды” 1 долларга сатканыңыз үчүн сындагандыктан камап, көп жылдар куугунтуктап жүрдүңүз.

Ошол эле 2013-жылы саясий көз караштан улам Бакиев баштаган аягына аз калган Камбар-Ата ГЭСин бүтүрбөй,  Жогорку Нарынга ГЭС курам деп бизден 37 миллион доллар алып, мунун барын жеп коюп же ГЭСтен жок, же акчадан жок аягы бул келишимди токтоттук.

2016-жылдын башында сиз Орусия менен жаман мамиледе болуп айнып баратканыңыздан, сиз тууралуу канчалык жаман пикирлер туулса да сиздин кыянатчылыгыңызга көз жуумп, Кыргызстан менен жакшы мамилени сактап калдык.

2016-жылы Үркүндүн 100-жылдыгына карата Бишкекке барганымда мени кучактап өпкүлөп бизди карап турган бүткүл дүйнөнүн коомчулугу алдында уят кылдыңыз. Протокол боюнча президенттер ичкиси келсе анын өзүнүн убагы көрсөтүлгөн, бирок сиз аны сактабай, тиешеси жок убакта ашыкча ичип алып, президенттин эрежесин буздуңуз. Эми сизге боло берет.

2016-жылдын аягында суперпрезидентке айланып президент менен премьерди эки алаканга салып алыш үчүн Конституцияны оңдоп Кой-Ташка жатып алып, Кыргызстанды мыйзамсыз башкаргыңыз келди. Ошондуктан, 2018-жылдын апрелинде Москвада өтө турган саммитке премьер Сапар Исаков барышы керек деп көжөлүп турганыңыздан улам, Сапар Исаковдун өкмөтү отставкага кетип, коррупциялык калбырлары үчүн аларды СИЗОго камашты.

Бельянинов ортого түшүп сиз менен жолугушум акыры ийгиликсиз аяктады. Кыргызстанда тынчтык, стабилдүүлүктү каалагам, ошого мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө сизди чакыргам. Сиз болсо: “Мен президент болгом, менин кол тийбестигим бар” –деп, адамдын курман болушуна жол ачтыңыз.

Туулган күнүңүз менен куттуктайм!

Москва. Кремль. Владимир Путин.

Владимир Путиндин катын которгон:

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости