www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия президенти Владимир Путин ЕАЭБ алкагындагы кызматташуу дүйнөдөгү татаал кырдаалга карабай өнүгүүсүн улантып, интеграциянын бардык багыты боюнча ийгиликтүү экенин билдирди.
Эскерте кетсек, Санкт-Петербургда ЕАЭБ саммити болуп өттү.
РФ лидеринин билдирүүсүндөгү урунттуу учурлар:
"бешилтиктин" мамлекеттеринин баарында экономиканын туруктуу өсүүсү катталды. Арменияда ИДП 9 айдын ичинде 9 пайыздан ашса, Казакстанда — 5, Кыргызстанда — 4 пайыздан ашыгыраак, Россия менен Беларуста 3,5 пайызды түздү;
беш өлкөнүн ортосунда сооданын көлөмү 8,9 пайызга жогорулаган, мында анын структурасы жакшырууда;
өз ара эсептешүүдө улуттук валюталардын үлүшү 90 пайыздан ашты, бул көрсөткүч мындан ары да өсө берет;
"бешилтиктин" преференциалдык тышкы соода өнөктөштөрүнүн саны жогорулоодо. ЕАЭБ менен Ирандын ортосунда эркин соода тууралуу макулдашууга кол коюлду. Мындан тышкары, экономикалык ири потенциалга ээ болгон башка мамлекеттер менен маанилүү келишимдер даярдалып жатат. Египет, БАЭ жана Индонезия менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө;
ЕАЭБ менен өз ара пайдалуу байланыш түзүүгө кызыккан мамлекеттер менен эл аралык уюмдар көбөйүүдө. ШКУ жана АСЕАН менен тыгыз кызматташуу жолго коюлган.
Саммитте Путин мамлекет башчылары ЕАЭБ алкагында 2030 жана 2045-жылдарга чейин кызматташуу тууралуу декларацияны бекитүүгө макул болушканын билдирди. Документке жыйын соңунда кол коюлду.
Орусия президенти Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы 2024-жылдын февралынан тарта Казакстандын өкүлү Бакытжан Сагинтаев болорун белгиледи. Учурда ЕЭКте Беларустун өкүлү Михаил Мясникович төрага.
Мындан сырткары, Орусия биримдиктеги төрагалыкты 1-январдан тарта Арменияга өткөрүп бермекчи. Ошол эле учурда 2024-жылы майда Москвада ЕАЭБ келишимине кошулуунун 10 жылдыгына арналган саммит өткөрүлөт.
"Жыйынтыктар биздин туура жолдо экенибизди көрсөтүп турат, бирок алдыда иштер көп. Жолугушуу пайдалуу болду", — деп Путин сөзүн жыйынтыктап, кесиптештерин алдыдагы Жаңы жылы менен куттуктады.
Булак: NazarNews.kg