www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Глазгодогу климат боюнча саммитке катышпоо чечимин сыйлай турганын билдирди.

«Мен аны менен сүйлөштүм (Си Цзиньпин - ред.), ал пандемиядан улам саммитке келгиси келген жок, бул президент Путинге да тиешелүү, буга урмат-сый менен мамиле кылуу керек», - деди Джонсон жыйында.

Шейшембиде Глазгодо Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын (COP26) Тараптарынын 26-конференциясынын алкагында дүйнө лидерлеринин эки күндүк саммити аяктады. Конференцияга 120га жакын лидер катышты.

Улуу Британия Италия менен биргеликте уюштурган конференция 12-ноябрга чейин созулат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости