www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

6-майда Италиянын бийлиги “Шехерезада” деген аталыштагы чоң яхтаны өлкөнүн Марина ди Каррара аттуу портунда камакка алды.

Яхта Орусиянын президенти Владимир Путинге таандык экени болжолдонууда. Италиянын финансы полициясынын изилдөөсүнүн негизинде яхта “Еврошаркет санкция салган Орусиядагы бийлик өкүлдөрүнө таандык” деген бүтүм чыккан.

140 метрлик кеменин болжолдуу баасы 700 миллион АКШ доллары деп эсептелген. Азыркы тапта анда оңдоо иштери жүрүп жаткан. New York Times гезити кеме 2-майда деңизге чыкканын жазган. Италия бийлиги кемени соттук териштирүү бүткүчө портто кармайт.

Алексей Навальныйдын тарапташтары дал ушул яхтанын ээси Владимир Путин экенин иликтеп чыккан. Италиянын La Stampa гезити кеменин ээси “Роснефть” ишканасынын мурдагы жетекчиси Эдуард Хуйданатов деген маалыматты таркаткан. Англиянын The Guardian гезити Италиянын финансы полициясы үчүн кеменин ээсин табуу өтө кыйын болорун, себеби аны менен бир топ компания байланышта экенин жазды.

Акыркы жумаларда Еврошаркеттин деңиз портторунда Орусиянын миллиардерлери Алексей Мордашов, Геннадий Тимченко, Алишер Усманов, Виктор Вексельбергдин яхталары санкциялардын негизинде кармалган.

Апрелдин этегинде АКШ бийлиги Кремл менен байланышы бар байлардын активдерди, яхталарды конфискациялап, түшкөн каражатты Украинага гуманитардык жардам катары берүү тууралуу мыйзам долбоорду талкууга койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости