www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зеленскийдин Орусияга жасап жаткан жакшылыгы

600 млрд доллар чыгым болдук деп Украинанын президенти Владимир Зеленский кан-какшап туру. Белгилүү кыргыз кинорежиссеру Замир Эралиевдин орус тилинде жазгандары көңүл бурганга татыктуу экен. Алмазбек Атамбаевдин Москвадагы кандосу, бирок президент болгон соң Эралиевдин таамай айткан сынынан улам ал тарапты карабай койгон.  Замир Эралиевдин ой –толгоосунда анын эки айдагы баскан изине көз салсак Украинанын президенти Владимир Зеленский Кремлдин агенти сыяктуу:

1.Украинанын президенти Владимир Зеленский Батыштан каалашынча акча соруп жатат.

2.Атайын операция башталгандан кийин орус бизнесмендердин атаандаштары Орусияда аларга орун бошотуп беришип, өз өлкөлөрүн көздөй куйругун түйүштү.

3. Украинанын президенти Владимир Зеленский курал-жарактарды ала берип, Шольц айткандай бундесверде өздөрүнө да курал калбай калды.

4. Украинанын президенти Владимир Зеленский бүт Европада газды токтотту, эми алар орто кылымдардын деңгээлинде жашап калышты.

5.АКШ менен Евросоюздун капчыгындагы акчаларын соруп, кымбатчылыкка түртүп жатат.

6.Украинага дүйнөдөгү бардык жалданмаларды, маргиналдарды, көк мээлерди, маньяктарды, киши өлтүргүчтөрдү чогултту, эми аларды орустар пачкалап улутсуздаштырып жатат.

7.Путиндин алдына орус элин бириктирип чогултуп берди, Путин бийликте турганы мындай биримдикти көргөн эмес.

8.Батышты сүйгөн эстрада жана киножылдыздарын өлкөдөн кууп чыгышты.

9. Рублдин кадыр-баркын көтөрдү.

10.Орустарга Донбассты белекке берди... дагы алдыда көп окуялар алдыда.

Орусияга Украинанын президенти Владимир Зеленскийдей мыкты иш эч ким жасаган эмес!

Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости