www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа Биримдигиндеги бир нече мамлекеттердин каршылыгынан улам уюмду башкаруучу Еврокомиссия Москвага киргизилчү санкциялардын алтынчы пакетине өзгөртүүлөрдү киргизип, Орусиянын мунайзатына киргизиле турган эмбаргону 3 ай артка жылдыра турууну сунуштады.

Биримдиктеги мамлекеттердин элчилери жума күнү Брюсселде талкуулаган жаңы сунуштамада орус мунайына көз карандылыкты жоюп алуу үчүн дагы кошумча убакыт керектиги белгиленди.

Еврокомиссиянын мүчөсү Паоло Жентилонинин айтымында, эмбарго мурда пландалгандай 6 айдан кийин эмес, 9 айдан кийин күчүнө кириши мүмкүн. Мындан сырткары Венгрияга, Словакияга жана Чехияга 2024-жылга чейин орус мунайын иштете турууга уруксат берилиши ыктымал.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан уюмдун ичиндеги мамлекеттерге Орусиядан мунай ташып келүүгө тыюу салуу демилгесин колдобой турганын 6-майда расмий билдирди. Орбан мындай эмбарго (тыюу) венгр экономикасы үчүн “атом бомбасына” барабар экенин, алар жакын арада буга бара албай турганын айткан.

4-майда Европа Комиссиясы Москванын Украинага кол салганына байланыштуу киргизилип жаткан санкциялардын алтынчы пакетинин долбоорун Европа Биримдигине мүчө мамлекеттерге жөнөткөн. Анын ичинде Орусиянын мунайзатын уюмдун аймагына ташып кирүүгө толук тыюу салуу сунушталган. Эмбарго жыл аягына чейин күчүнө кирмек.

Чечим күчүнө кириши үчүн аны Евробиримдиктеги 27 мамлекет бирдей жактырышы керек. Адистер ал бир топ талаш-тартыш жаратышы мүмкүн деп белгилеп жатышкан. Мурдараак Венгриянын, Чехиянын, Болгариянын жана Словакиянын аткаминерлери мындай чектөөгө камтамачылык билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости