www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл дүйнөнүн 88 өлкөсүндө

"Өлбөс полк" акциясы 88 өлкөдө өтүп, эл жүрүшкө чыгат. Бул тууралуу Россия ТИМинин маалымат кызматынын жетекчисинин орун басары Алексей Зайцев билдиргенин РИА Новости жазды.

Ал Улуу Жеңиштин 77 жылдыгын майрамдоо иш-чараларына 130 өлкө даярдык көрүп жатканын белгиледи.

"Биздеги маалымат боюнча, "Өлбөс полк" акциясын өткөрүүгө 88 өлкө даярданып жатат. Быйыл Венесуэлада "Өлбөс полк" биринчи ирет болот. Ошондой эле Аргентина, Беларусь, Болгария, Иордания, Испания, Кыргызстан, Никарагуа, Сербия жана башка өлкөлөрдүн жарандары жүрүшкө чыгары күтүлүүдө. Ар кандай чагымдарды болтурбоо үчүн уюштуруучулар коопсуздукка көңүл бурушат", — деди Зайцев.

Ошондой эле ал кээ бир мамлекеттердин бийлик структуралары тараптан Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларын эскерүүгө бут тосуу болуп жатканын да белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости