www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин катардагы эле милициянын жалгыз башында төрттөн унаасы бар экенин билчү белеңиз. Биз угуп, уккан кулагыбызга ишене албай турубуз.

Бар экен эй андайлар, алган айлыгы орточо 10 миң сом, айдаганы төрт унаа. Анан дагы ошонун баарына бир эле жасалма номур колдонуп, 108 жолу жол эрежесин бузган экен “тооба”.

Эме... ишенбесеңер тиги ЖКККББнын басма сөз катчысы Ыманалы Саркулов мырзадан тактап көргүлө. Ошол андай тартип сакчынын бар экенин атын атабай туруп айтып атат, күнөөлүүгө административдик айып пул салынып, кызматынан кеткендегисин. Анысын жанагы жолдорго коюлуп жаткан камера болбосо билишпей дагы калышмак тура.

Мындан улам, бул канчалык “официалдуу” маалымат болсо дагы, тиги видео байкагычтарды жарнамалоонун дагы бир түрүбү деген шекшинүү жаралбай койбойт экен да.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости