www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Интернетте ушул жуманын "хити" болуп Жогорку Кеңешке татыктуу кийим кийбей келген Тынысов менен депутаттарды сындашууда. Күлкүгө да салышты. Муну сүрөт аркылуу эле көргөндө түшүнүүгө болот.

Алмазбек Токторов: - Бул Гуччиби?

Талантбек Тынысов: - Жок, бул Зара.

Мирлан Бакиров: - Сиздин кийимиңиз биздикине окшобойт. Биздин кеченин коногу эмессиз. Бул жакта "Гуччини" эле кийишет, - деп тамашага салышкан.

6-январда Жогорку Кеңештин жыйынына көйнөк кийип келбегени үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин карамагындагы Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Тынысов жыйындан чыгарылды.

Алгач депутат Алмазбек Токторов Тынысовдон эмне үчүн парламентке футболка кийип келгенин сурады.

- Жетекчибиз ооруп калып, мага жыйын боюнча эртең менен эле айтылды. Азыр свитер менен отурам. Футболка эмес. Негизи жетекчибиз келмек, - деп жооп берген Токторов.

КийинТалантбек Тынысовду катуу сынга алганы боюнча түшүндүрмө берип, кечирим сураганы коомчулукка маалым болду. Ал эми бул боюнча депутат Алмазбек Токторов  өзүн күнөөлүү эмес деп айтат.

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

Последние новости