www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы Азимбек Бекназаров президент Сооронбай Жээнбеков ага ар кандай кызматтарды сунуш кылып келе жатканын бүгүн басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда ал кызматка баруу боюнча чечим кабыл ала элек. — Президент мага «сиз канча жылдан бери жумушсуз жүрөсүз. Бардык президенттерге мокочо болуп көрүнүп келе жатасыз. Мен сизди түшүнөм, экөөбүз чогуу депутат болгонбуз» деди. Бирок мен «биз эки жолу курултай өткөрдүк. Мамлекеттин, улуттун алдында көп иштер бар. Мен Туруктуу элдик кеңештин мүчөсүмүн. Мен курултайда коюлган маселелерди аягына чыгармайынча эч жакка бара албайм» деп айттым, — деди Бекназаров.

Бекназаров өлкө башчы бир нече мамлекеттерге, анын ичинде Түркияга, Азербайжанга элчи болуп барууну сунуш кылганын, президент менен ушул жумада жолугушарын, жолугушуунун жыйынтыгы менен ал Малайзияга элчи болуп барар-барбасын чечилет экен. Буга чейин Азимбек Бекназаровдун Кыргызстандын Малайзияга элчи болушу үчүн малайзиялык тарап макулдук келгенин жазып чыккан. Эчтеке боло электе өзүн элчи сезген 65 жаштагы Бекназаров буга чейин башкы прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты, Убактылуу Өкмөттө вице-премьер-министр болуп эмгектенген.

Бирок, бул адам эмне кыйраткан эмгеги менен элдин эсинде калды? Балп этип эсине келе калган кезде чулдуруктап чыга калат. Жогоруда айткан кебин карасаң, президент тим эле чөгөлөп жибере жаздаптыр го чиркин… Сиз канча жылдан бери жумушсуз жүрөсүз деген имиш президент… Жумуштун баары сизден калбады беле жолдош «Бульдозер мырза!» Мен 5 президент менен иштешкем деп төш каккан адам. Ошол 5 президент келип кеткенче мээң деле кургап бүттү, былжырабай үйүңдө жатчы деген киши жок буга. Кыргызстанда Бекназаровдон башка акылы бар киши жок немече бир «бааланайын» деген экен курган чал. Шайлоодон үмүт артып жатса керек уялбай.

Тауман Байсултанов

Последние новости