www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөдө 2016-жылдан бери 1 жарым миллион нускада сатылган "Икигай. Япондордун узак жана бактылуу жашоосунун сыры"(Англисчеси “IKIGAI The Japanese Secret to a Long and Happy Life by HECTOR GARCIA AND FRANCESC MIRALLES”) аттуу китеп кыргыз тилине которулду. Буга чейин 20 тилге которулуп, 54 өлкөдө сатылган китеп, 21-болуп кыргыз тилине которулду. Бул тууралуу Бишкектеги “Кереге” коомдук фондунун аткаруучу директору, аталаган китепти которуу долбоорунун жетекчиси Бакытбек Абдуллаев соцтармактагы өзүнүн баракчасына жазды.
Анда ал кыргыз тилге которулушун сунуштап, сунуштап эле койбой, китептин авторлоруна royalty fee (автордук гонорар) төлөп, уруксатын алып, кыргыз котормочуларга акысын берип, англисчеден кыргызчага которулушуна каржылык колдоо көрсөткөн Алмаз Темирбаевге жана анын корректорлорунан тартып, мукабасын жасалгалап бергендерге чейин ыраазычылык билдирип жатып китептин кыргыздарга тийчү пайдасын жазып кетет.
Бакытбектин айтымында, китепти окугандар да алкыш айтат. Себеби, биринчиден, Алмаз мырза колдоо көрсөтпөгөндө бул китеп эң аз 500 сомдон сатылмак. Азыр 250-280 сомдон сатылууда. Экинчиден, бул китеп айрыкча, жаш курагы өтүп бара жаткан ата-энелерибизге абдан пайдалуу жана таасирдүү болмокчу.
“Бул долбоор Алмаз Темирбаев 2019-жылдын февраль айынын бир кечесинде мага вотсап аркылуу китепти которууну сунуштаган күндөн башталды. Англисчесин окуп чыгаарым менен дароо макул болдум. Себеби, бул китепти биринчиден, өзүмдүн ата-энем окушу керек деген чечимге келдим. Алмаз мырза да ата-энесинин окушун каалаган. Адатта бизде кыргыздар 50 жашка келгенде кыз берип, уул үйлөп, колу буту узарып калганда кыймыл-аракети азая түшөт. Карыдым деген ойго кабылат. Пенсияга чыкканда депрессияга да дуушар болот. Ал эми Окинава аралында болсо бул курактагы япондордун жашоосу эми башталган курактай туюлат. “Арабызда эң эле жашыбыз 89 жашта” деп тамашалап калышаарын китептен окуйсуз.
Ата-энесинин көп жашашын ким эле каалабасын? Жада калса өзүбүз да кызыктуу, маңыздуу, бактылуу жана узак жашашыбыз үчүн кылым карыткандардын насааттарын, көндүм адаттарын бир карап көрүшүбүз керек. Туура тамактануу үчүн эмне кылуу керек? Нанды нан менен жеген мен да ушул китепти окугандан кийин ун тамактарды азайттым. Андан бери физикалык көнүгүүлөрдү жасап, сергек жашоого өттүм. Бул китепти өзгөчө ата-энелерибиздин окушун сунуштайм. Ата-энелерибиз эле эмес, баардык окурмандарга сөзсүз пайдасы тийсин деген ниетте которуп басып чыгардык. Китепте кеткен бардык каталар, айтылчу сындардын баары менин жоопкерчилигимде. Бул китептин кыргызчаланышына эмгек өтөп, аты аталбай калгандарга да рахмат айтам”, -деп жазат анда Абдуллаев.
Китепти Бишкектен BookHouse.kg, Нуска китеп борбору, Danek_books alif. books_kg жана “Шанс” китеп дүкөнү же 0550666332 чалып, сатып алсаңыздар болот
Булак: NazarNews.kg