www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул тууралуу мурунку Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев соцтармактагы өзүнүн баракчасына жазып чыкты.
"Коррупция менен күрөшөбүз" - деген ураанды айтууга мындан ары эч кимдин моралдык укугу жок... күрөштүн жыйынтыгы ушундай болуп жаткандан кийин... Пара алып, анысы далилденип 12 жылга соттолгон кылмышкер бир жылда бошоп, эркиндикке чыгып жатса, эми президент Сооронбай Жээнбеков элге чыгып эмне деп айтат, билбейм... Кармап, камап, соттоп убара болбой эле “жегиле, ичкиле, алгыла, жулгула, баарыңырга эрикиндик!” деген мыйзам кабыл алып коюу керек. Иштин өңүтү ошол жакты карай бара жаткандан кийин...”, - деп жазат анда Каптагаев.
Анын минтип жазышына Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматовду пара алууга байланыштуу айыптап, 12,5 жылга эркинен ажыратуу боюнча райондук соттун чечими 3 миллион 300 миң сом айып пул салууга алмаштырылганы жана анын ал акча менен эркиндикке чыгып кетиши себеп болгон.
Учурда 12 жылдан ашуун мезгилге эркинен ажыратылган Алмаматовдун мындай жол менен эркиндикке чыгып кетиши бир гана Каптагаевдин эмес, бүгүнкүбүздөн жакшылыктарды үмүт этишкен жалпы коомчулуктун нааразычылыгын жаратууда.
Балким, президенттин коррупция менен болгон күрөшүнө башка бир күчтөр атайылап көлөкө түшүргүсү келип жаткандыр. Президент акыры "Алмаматовдун акчасын алып чыгарып койгула" дебесе керек. Ай ким билет, ким билет...
Бул боюнча албетте, акыры жогорку бийлик өкүлдөрү үн катышаар...
Булак: NazarNews.kg