www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын кыска мөөнөттүү Миссиясынын Атайын координатору жана жетекчиси, ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын Казначейи Петер Юэль-Йенсен мырза жана ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынан Байкоочулар делегациясынын башчысы, ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Рейнхольд Лопатка мырза менен жолугушту.

Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоосуна байкоо жүргүзүү боюнча ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын Миссиясынын жетекчилиги, ошол эле учурда  ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын жогорку даражалуу адамдары болуп  саналган  Дания жана Австриянын парламенттеринин мүчөлөрү   менен болгон жолугушууну  канааттануу менен белгиледи.

Кыргызстандын тышкы иштер министри маектештерине шайлоо процессине кеңири жана ачык байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу максатында, 43 мамлекеттен келген 311 эл аралык байкоочулар жана 11 мамлекеттин 96 ЖМК өкүлдөрү Кыргызстанда иштей баштагандыгын маалымдады.

Өлкөдөгү өткөөл мезгилде  Кыргызстанга эл аралык байкоочуларды жиберип жаткандыгы үчүн ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясына  ыраазычылыгын билдирип, Р. Казакбаев республикадагы ички саясий кырдаал, президенттик жана парламенттик шайлоо, алдыдагы конституциялык реформа жана жаңы Конституция боюнча референдум жөнүндө, ошондой эле 2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуялардан кийин демократиялык принциптерди сактоо менеен калыс шайлоо өткөрүүнүн  өлкө үчүн өзгөчө маанилүүлүгүн билдирди.

Мындан тышкары, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Райнхольд Лопатка мырзаны 2020-жылдын декабрь айында анын ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү болуп дайындалышы менен куттуктады жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын региондогу парламентаризмди чыңдоо боюнча ишине активдүү катышууга, ошондой эле ЕККУ менен региондун бардык парламенттеринин ортосундагы тыгыз кызматташуусуна кызыкдар экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Р.Казакбаев, ошондой эле ЕККУнун шайлоо мыйзамдарын реформалоодо, шайлоону өткөрүүдө, мамлекеттик органдарга COVID-19 пандемиясына каршы турууда жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди жана Кыргызстан азыркы учурдагы өткөөл мезгилде ЕККУнун көмөктөшүүсүнүн баалуулугун белгиледи.

Өз кезегинде ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын Миссиясынын башчысы Петер Юэль-Йенсен мырза жаш демократияны бекемдөө максатында эл аралык байкоочуларды Кыргызстанга чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын даанышман эли бардык кыйынчылыктарды демократиялык жол менен жеңип чыгаарына ишеним артаарын билдирди.

Петер Юэль-Йенсен ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы ЕККУнун  Парламенттик Ассамблеясында өтө активдүү экендигин белгилеп, мындан аркы үзүрлүү парламенттер аралык кызматташтыкка ишенимин баса белгиледи.

ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын делегациясынын өтүнүчү боюнча  КМШ, ЖККУ жана ШКУнун алкагындагы Кыргыз Республикасынын негизги тышкы саясий өнөктөштөрү менен мамилелери жөнүндө маалымат жана байкоо процессин жүргүзүү багыттары берилди. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишмердүүлүгүнүн ар кандай багыттарында жүргүзүлө турган реформалар жана ЕККУнун өнөктөш өлкөлөрүнөн, айрыкча ЕС өлкөлөрүнөн жана АКШдан колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды.

ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын Миссиясы Кыргызстанга жекшемби күнү боло турган президенттик шайлоону өлкө тандаган демократиялык багытына ылайык калыс жана ачык-айкындуулук духунда  ийгиликтүү өткөрүүнү каалады.

Маалымдама: ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясы – Европадагы  Коопсуздук жана Кызматташтык боюнча Уюмуна кирген Европанын, Азиянын жана Түндүк Американын 57 мамлекетин бириктирген парламенттер аралык уюм. ЕККУнун ПАнын негизги милдети - бардык катышуучу мамлекеттердеги демократия жаатындагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча жалпы аракеттердин маанилүү компоненти болгон парламенттер аралык диалогго көмөк көрсөтүү.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости