www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дональд Трамп:

АКШнын президенти Дональд Трамп ДЖо Байдендин инаугурациясына катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Трамп өзү социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирген.

--"Сурап жаткандардын баарына айтам, мен 20-январдагы инаугурацияга барбайм",-деп жазган ал Twitter'деги баракчасына.

Айрым дүйнөлүк басылмалардын маалыматына караганда, Трамп 19-январь күнү резиденциядан чыгып Флоридага кетет. Мындай кадам менен Дональд Трамп АКШнын тарыхындагы анын ордуна келе турган адамдын ант берүү салтанатына катышпаган төртүнчү президент болот.

Эске салсак, 7-январга караган түнү Вашингтондо Трамптын тарапташтары Капитолийди басып алып, полиция менен башаламандык уюштургандардын ортосунда кагылышуу болгон. Анын кесепетинен төрт адам каза тапкан. Ал эми 7-январда АКШнын Конгресси демократ ДЖо Байденди президент кылып бекиткен.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости