www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле деп уюткулуу элибизде айтылып жүрөт. 2010-жылдан бери ар кандай каралоо жалган жалаа ушактар айтылып ММК тарабынан коп жазылды.Бир гана коёндой окшош жалаалар ушактар. «Бакиевдин жан сакчысы» деген канча гана сөздөр артымдан эрчибеди...
Мен эч качан Курманбек Бакиевдин жеке жан сакчысы болгон эмесмин. Ошол кандуу түшүнүксүз окуялар учурунда Бакиевдин жанында болгонум бул кылмыш эмес, кылмыш беренесине да туура келбейт. 2012 же 2013-жылдары болсо керек эле, жаран катары Максат Кунакунов, Дайыр Орунбеков уюштурган «Жаштар өкмөтү» коомдук саясий уюмуна кошулуп пикир айтсам, бийликтин саясий технолоктору алеки саатта Бакиевке жабыштыра салды…
Бирөөгө пайдам тийбеседа да зыяным тийбесин деп аталган уюмдан чыгып кеттим…
2017-жылы фейсбук социалдык тармагынан Садыр Жапаров Кыргызстанга келип тарапташтары менен жолугаарын угуп, 25-март күнү Горкий атындагы аянтчага бардым. Жапаровду чек аранан кармап, УКМКнын имаратына алып келиптир деген сөздү ошол жердеги адамдардан угуп, мен дагы УКМКнын жанына барганмын, ал чындык.
Андан кийин азыркы талапкер Сегизбаевдин жеке буйругу менен артымдан ар кайсы топтор ээрчип, тымызын, түшүнүксүз иштер боло бергенинен, алгач Таджикистанга анан Орусия аймагына чыгып кеткенге аргасыз болдум... Ошол 25-марттан соң Лейлектеги жана Бишкектеги туугандарымдын үйүнө чейин тинтип, издеп жүргөн Сегизбаевдин «демократ» кызматкерлери.
Мен жөнүндө Сегизбаевдин секретар журналисттери жазса күлүп гана койчумун… ЖК трибунасында депутат Рыскелди Момбеков айткандай чындап Атамбаев Жапаровдун кадыр-баркынан коркооруна толук ишендим...
Арадан көп жыл өтсө да унута албаган талапкер Сегизбаев кечээ теле дебатта кайра менин сүрөттөрүмдү элге көрсөтүп, «Бакиевдин жан сакчысы Жапаровду колдоп барган, бул далил. Жаныш Бакиевдин приказын аткарды деди» эч оозу мурду кыйшайбай…
Урматсыз Сегизбаев! Мен Кыргыз Республикасынын атуулумун каалаган митингке барам бул менин конституциялык укугум. Качан мага Жаныш Бакиев телефон чалып митингге бар дептир, далилдеп бере аласызбы?
Мен, 2010-жылдан сиз коркуп жаткан Курманбек жана Жаныш Бакиевди көрө элекмин. Жалаа жабуунунда чеги болот. Кудайым өзү сактасын сиз дагы мыйзамсыз камалып кетсеңиз мен Рысбек Ысманов сизди колдоп чыксам, мен колдобой эле Бакиевтер колдоп чыккан болобу?
Сиздин кол башчыныз Атамбаев дайыма баса белгилеп айткандай, ушак жалган жалаа жабуу бир тууганынын этин жеген менен барабар...
Болгондо дагы эң жогорку кызмат орунга талапкер болгон адам ушак менен алектенгени бирөөгө курулай жалаа жапканы эч кандай абийир же саясий упай алып келбейт.
Шайлоодогу ириген сасыган саясатыңарга аралаштырбай элдин эртеңине кам көргүлө. Мен дагы жаран катары азыркы негизги талапкерди камалганга чейинда азырда колдоймун мен ага толук ишенем. Атамбаевдей өлкөнү чалмакейин чыгарып, аскердик билетти жокторго генерал наамын бербейт. Бир университетти 10 жыл окугандарды кызматка албайт. Чыныгы профессианалдарды кызматка алып өлкөнү Өнүктүрөт. Мыйзамсыз куруу жалаа менен камалгандар болбойт деген таза ойлорубуз ниеттерибиз бар... Жапаровду 100 000 деген карапайым эли колдоп, ишенип турат. Туурабы? Бакиев эмес.
Рысбек Ысманов
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg