www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоо-2021: Бүгүн Кыргызстанда “жымжырттык күнү”

Президенттик шайлоо 10-январда саат эртең мененки 8:00дө башталат. Мыйзам боюнча шайлоого чейин 24 саат калганда үгүт жүргүзүү токтотулат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын укук бөлүмү билдиргендей, “жымжырттык күнү” үгүт жүргүзгөндөр мыйзам бузду деп табылат.

--“Жымжырттык күнүндө эл аралап үгүт жүргүзүүгө, маалымат каражаттары аркылуу жарнамаларды жарыялоого тыюу салынат. Бирок буга чейин көчөлөргө илинген көрнөк-жарнактар кала берет”,-деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өтөт. Үгүт өнөктүгү 15-декабрда башталган. Президенттик жарышка 17 талапкер чыкты.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости