www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Канча тил билсең ошончо дил билесиң” деген кыргыздын жакшы сөзү бар. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Синхрондук котормо бөлүмүнүн окутуучулары тарабынан түзүлгөн “Кыргызча-түркчө сөздүк” жарык көрдү. Аталган сөздүктүн түптөөчүлөрү кыргыз тилин өздөштүргүсү келген түрк улутуна кыйла жеңилдиктерди түзүп беришти. Иштин көзүн билген кесипкөйлөргө жаңыча дем, жаңыча изденүү, жаңыча ачылыштарды каалайбыз.
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Синхрондук котормо бөлүмүнүн ага-окутуучусу Рахат Аскарова:
-“Кыргызча-түркчө сөздүгү” ким тарабынан түптөлгөн?
«Кыргызча-түркчө сөздүк» түзүү демилгеси алгач Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Синхрондук котормо бөлүмүнүн окутуучулары тарабынан 2014-жылы сунушталган. Аталган сунуштун негизинде «Манас» университетине караштуу Түрк цивилизациясын изилдөө борборуна атайын илимий долбоор катары сунушталган. Бул сунуш университетибиздин ректорлугу жана аталган борбордун жетекчилиги тарабынан дароо колдоо таап, натыйжада сөздүк жазыла баштаган.
-Сөздүктү иштеп чыгууда курамында кимдер бар?
Аталган сөздүк Синхрондук котормо бөлүмүнүн ошол учурдагы бөлүм башчысы профессор, филология илиминин доктору Экрем Арыкоглу, ошол эле бөлүмдүн окутуучулары PhD ага окутуучу Жылдыз Алимова, ага окутуучу Рахат Аскарова жана Тил үйрөтүү жогорку мектебинин окутуучусу PhD Билге Каган Селчук тарабынан жазылды.
-Сөздүк түзүүнүн максаты эмнеде?
Учурда Түркияда Түркология жаатында эмгектенгендердин арасында кыргыз тили боюнча да илимий изилдөө жүргүзгөн, кыргыз тилин үйрөнгүсү келген, кыргыз маданиятына, кыргыз дүйнө таанымына кызыккандардын саны арбын. Ошону менен катар эле Кыргызстанда да түрк тилин үйрөнгөндөр, түрк тили боюнча илимий иш жазгандар, түрк тилинен которуу менен алектенгендер бар. Биздин максатыбыз мына ушул адамдардын бардыгына жана ошол эле учурда «Кыргызча-түркчө котормочулук» программасы боюнча билим алган студенттерибизге таяныч материалын түзүү болду.
-Сөздүктү пайдаланууда кандай жеңилдиктер көрсөтүлгөн?
Сөздүк өзү 75 миңге жакын сөздү камтып, 2 томдон турат. Сөздүктө кыргыз тилиндеги сөздөрдүн маанилери мүмкүн болушунча толук берилди. Ар бир сөзгө чыгармалардан, басма сөз беттеринен жана башка тексттерден мисалдар алынып, алардын маанилери дагы түшүнүктүүрөөк болуш үчүн түрк тилине которулду. Адатта мындай сөздүктөрдү түзүү өтө узак убакытты талап кылып келген. Бирок, учурда технологиянын өнүккөндүгүнө байланыштуу мисалдарды кыска убакыттын ичинде табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук. Бул багытта бизге Университетибиздин окутуучусу ф.и.к. Бакыт Шаршембаев агай түзүп берген корпус өтө чоң жардам берди. Албетте эки томдук сөздүктү көтөрүп жүрүү мүмкүн эмес. Андыктан, бул сөздүккө муктаж болгондорго жеңилдик болсун деген максатта аталган сөздүктүн электрондук вариантын да университетибиздин сайтына коюп койдук. Ал жерден каалаган сөздү жазып, анын түркчө эквивалентин же түшүндүрмөсүн таап алууга болот.
-Алдыда ишке ашырчу кандай максаттар бар?
-Проф. Экрем Арыкоглу агайыбыздын: «Силер кааласаңар да, каалабасаңар да, лексикографияга байландыңар. Эми сөздүк түзүү ишинен баш тарта албайсыңар,» - деп айтканы бар. Башында болду, эми ар кимибиз өз ишибиз менен алектенебиз деп ойлодук эле. Бирок, кайра эле кандайдыр бир сөздүк темасы козголо калса «көздөрүбүз жайнап» кетет. Андыктан, азыр мындан да чоң сөздүк түзүү, кыргыз тилин, анын байлыгын жана түрдүү боёгун түрк дүйнөсүнө таанытууга салым кошуу максатыбыз бар.
-Сөздүк түзүү учурунда кездешкен кыйынчылыктар?
-Кыйынчылыктар болбой койгон жок. Баарынан мурда биз үчүн кыргыз тилиндеги тууранды, модалдык жана улуттук түшүнүктөрдү чагылдырган сөздөрдүн мааниилерин түрк тилинде толук берүү кыйынга турду. Сөздүк жазуу учурунда туугандарыбыз менен катташпай, жоро-жолдошторубуз менен көрүшпөй калган учурлар да болду. Досторубуз арасында: «Сен бизге убакыт бөлбөй калдың», - деп, таарынып сүйлөшпөй калгандары да болду.
Бул эмгекти жаратууда бизге дайыма колдоо көрсөткөн ректорубуз профессор, филология илиминин доктору Себахаттин Балжы агайыбызга жана биринчи проректорубуз профессор, филология илиминин доктору Асылбек Кулмырзаевге тереӊ ыраазычылык билдиребиз. Бул адамдар өздөрүнүн илимпоздук көрөгөчтүгүнө салып, бул долбоордун натыйжасына жакшы эмгек жараларын алдын-ала көрө билишти. Анткени, жакшы идея жетекчилик жана коомчулук тарабынан колдоого алынганда гана натыйжалуу ишке ашырылат.
Динара Асылбекова
Булак: NazarNews.kg