www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура Нарын шаардык сотунун судьясына кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу башкы көзөмөл органдын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 14-сентябрында аталган судья адамдар каза болгон жол кырсыгы боюнча соттук ишти караган.

Анда кырсыкка күнөөкөр айдоочуну үч жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле күнү жабырлануучулардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө соттун эскертүүсүнө баш ийген жок жана мамлекеттик айыптоочунун сөзүн бөлдү деген негизде 10 миң сомдон айыппул салган.

Прокуратура судьянын дал ушул ишин мыйзам бузуу катары санап, “кызмат абалынан ашыкча пайдалануу” жана “Атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм чыгаруу” беренеси боюнча иш козгоду.

Көзөмөл органдын жүйөсүндө, жабырлануучуларга айыппул салуу үчүн тергөөгө иш козгоо зарыл болчу.

Учурда судьяга козголгон иш боюнча тергөө башталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости