www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Эгер бийлик абалды татаалдаштырбайбыз десе, Русланды тезинен чыгарышы керек», - деди бүгүн, 15-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Рамазан Дырылдаев.

- Руслан Бекназаровду атасы үчүн эле камакка алыштыбы же ал чындап эле коомго коркунуч жараткан адам беле?

- Азимбек Анаркуловичтин уулу Русланды атасын коркутуш үчүн, Азикенин тизгинин тарттырыш үчүн эле камап койгондой. Чынында Русланга доомат коюлуп жаткандай ишке барса, аны атасы бийликти сындагандан кийин эмес, мурун эле камап коюшмак. Ал түз жүргөн бала болгон үчүн буга чейин аны камамак турсун, камайын деген ойлору да болгон эмес. Русландын камакка алынышы атасы үчүн баласын камап койгондой эле таасир калтырып жатат. Эгер бийлик абалды татаалдаштырбайбыз десе, Руслан Бекназаровду тезинен чыгарышы керек.

Эске салсак, кечээ, 14-сентябрда Бишкектеги Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаров экстремисттик материалдарды тараткан деп шек саналып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости