www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Мектепти 12 жылдык кылгандан көрө окуу куралдарын жакшыртып, билим берүүнүн сапатын жогорулатсак болмок», - деди бүгүн, 18-апрелде, NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Рамазан Дырылдаев.
- Рамазан агай, Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевдин талапка жооп бериш үчүн окуучулар 12 жыл окушу керек деген демилгесинен бери коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда. Бири министрди колдосо, бири каршы чыгып жатат. Бул маселе боюнча кандай пикирдесиз?
- Дүйнө жүзүндө 11 жылдык мектеп бар, 10 жылдык мектеп бар. Кыскасы, ар бир мамлекет өзүнүн талабына ылайык окутат. Биз 11 жылдык мектепти 12 жылдык мектеп кылгандан көрө окуу куралдарын жакшыртып, бардык мектептерди компьютерлештирип, мугалимдердин айлыгын жетиштүү деңгээлде көтөрүп, билим берүүнүн деңгээлин жакшыртсак болмок.
Ошондой эле алыс жактан барып келип окуган балдардын да, мугалимдердин да маселесин чечүү зарыл. Айыл жеринде бир канча километрди басып келип окуган оор шартта билим алган балдар бар. Ошолордун үзгүлтүксүз билим алышына шарт түзүшүбүз керек.
Кыскасы, окуучуларга маани бергендей эле мугалимдерди дагы камкордукка алышыбыз керек. Кыргыздардын дээринде болот. Жаңы нерсени бат эле өздөштүрүп алат. Ошон үчүн Кыргызстанда туруп, белгилүү компаниялар менен иштешип жаткан жаштарыбыз бар.
Ошондой эле Сингапурда, Лондондо, Америкада, Японияда иштеген жаштарыбыз бар. Чет мамлекеттеги кыргыздар биргелешип, жылына бир канча баланы окутуп, жаштарга туура жол көрсөтүп жаткандары да бар. Американын Чикаго штатында жашаган кыргыздар Баткендин миң баласын окутуп жатат деген да маалыматтар бар.
Кыскасы, эгер келечекке кам көрөбүз десек, окуучулардын терең билим алышына мүмкүнчүлүк түзүп, заман талабына жараша окутуп, пайдалуу билим беришибиз керек.
Эске салсак, буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги мектептерди 12 жылдык окууга өткөрүүнү сунуштады. Бул боюнча коомчулуктар бир топ нааразы пикирлер жаралууда.
Президент Садыр Жапаров быйыл Билим берүү министрлигине 16 млрд. сомдон ашык кошумча каражат бөлүнгөнүн, бардык категориядагы мугалимдердин айлыгы кеминде 50% көтөрүлөрүн айткан.
Кыргызстанда эки жарым миллиондой окуучу менен студент бар. Агартуучулардын саны 186 миңден ашат. Өлкө боюнча 345 авариялык абалдагы орто мектеп иштеп жатат.
Булак: NazarNews.kg