www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-депутат Рамазан Дырылдаев бүгүн, 23-июнда NazarNews маалымат агенттиги арыкулуу экология боюнча активист Грета Тунбергге Кайрылуу жасады:

Урматтуу Грета Тунберг Сиздин иштериңизге сыймыктануу менен көз салып турабыз жана суктанабыз. Сиздин бизге жардам бере аларыңызга ишенебиз. 1993-жылдан бери Центерра Голд компаниясы, учурда Кумтөр өз алдынча алтын казып, жада калса Кыргыз Республикасынын өкмөтүн сатып алган. Мунун натыйжасында, эл бийликти үч жолу кетирүүгө аргасыз болушту. Буга карабай камеко дагы да аларды сатып алуусун токтотпой келет.

Центерра технологиялык процессти сактабагандыктан, жергиликтүү экологдордун отчётторунан көрүнүп тургандай, Лысый, Давыдова, Сарытор мөңгүлөрүнүн ири кендеринен өлкөнүн экологиясына чоң зыян келтирилген. Центерра өзүм билемдик кылып, соттун чечимин аткарбай келет. Бул катка жергиликтүү активисттердин дооматтары тиркелет.

Биз сиздин колдооңузга үмүттөнөбүз жана Кыргызстандын экологиясын жана жалпы эле Борбордук Азияны сактап калуу үчүн бизди колдоп, билдирүү жасоону суранабыз. Урматтоо менен, Адам укуктары боюнча Кыргыз комитетинин төрагасы Рамазан Дырылдаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости